ИММОБИЛИЗАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММОБИЛИЗА́ЦИЯ (лат. immobilis – кыймыл­сыз) – кырсыкка учурап, кол, бут сынып же чыгып кеткенде, тарамыш же булчуң чоюлган­да, жаракат алып кан агууда, муун сезгенген ооруларда денени тынчтандыруу максатында кыймылсыз тынч абал түзүү. Бул травмадан бо­луучу шокту азайтат ж-а жараланган жердеги инфекциянын андан ары таркалуусуна жол бер­бейт. И. – кырсыктаган жердин оорусун азай­тып, дарылоо мекемесине жеткирүүгө чейинки, убактылуу ж-а туруктуу дарылоочу болуп бө­лүнөт. Кырсык болгон жердеги жабыркаган адамдын колу, буту сынганда же чыкканда сөөк жылмышып кетип, дагы кошумча жабыркоо болбосун үчүн убактылуу транспорттук шакшак коюлат. Баш сөөгү ж-а моюн омурткалары жа­быркаганда, сынганда же катуу кокустаганда тегерек резина, кебез-марли же картон жака­лар кийгизилет. Астыңкы жаак жабыркаган­да, ээкти өйдө көтөрүп, картон же фанера коюп таңылат. Жамбаш сөөктөрү сынганда тактай­луу замбилге жаткырып, эки бутун тизесинен бүгүп, жаткыруу керек. Туруктуу И. дарылоо мекемелеринде врач-травматолог-ортопеддер сыныктын, жабыркоонун ар кандай түрүнө жараша гипстеп таңуу, зым м-н сөөктү тешип чойдуруу же ар кандай операциялар Г. А. Или-


заровдун ыкмасы ж-а аппараты м-н жүргүзүлөт. Ал кол, бут сынганда, жиликтин башы муун­дан чыгып кеткенде, жоон кан тамыр же нерв системасы жабыркаганда, тери ж-а булчуң эт­тер оор жаракат алганда, муундар, кан тамыр­лар катуу сезгенгенде ж. б. колдонулат. Омурт­ка сөөктөрү жабыркаганда оорулууну замбилге көмкөрөсүнөн жаткырып, төшүнө жаздык коюу зарыл же тактай замбилге чалкасынан жазды­гы жок түз жаткыруу, бел омурткасын ийилт­пегенге аракет кылуу керек, антпесе ийилген омуртка жүлүндү кысып, дененин төмөн жагы, буту иштебей шал болушу мүмкүн.