ИММУНИТЕТ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИММУНИТЕ́Т у к у к т а – белгилүү чөйрөдөгү укук субъектилеринин жалпы нормалардын ара­кетинен бошонушу; депутаттарга, о. эле дипл. өкүлдөргө берилүүчү өзгөчө укук ж-а артыкчы­лык. Чет мамлекеттин И-и эл аралык укуктун маанилүү принциптеринин бири. И-ке ылайык мамлекеттер бирдей укуктуу болгондуктан, бири бирине бийлик жүргүзө албайт, бир мамлекет экинчи мамлекеттин соту м-н соттолбойт. (к. Дипломатиялык иммунитет).