ИМПЕРИАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПЕРИА́Л (лат. imperiālis – императордук) – орустун алтын тыйыны; 1755-ж. адегенде 10 рубль наркында чыгарылган. 12 гдай таза ал­тыны болгон. И-дын аркы бетинде ж-а жарым И-да (5 рублдик тыйын) «Империялык россия тыйыны» деген жазуу болгон. 1897-ж. алтын рубль киргизилгенине байланыштуу И-дын но­миналдык наркы девальвация натыйжасында 15 сомго чейин жеткен. 1897-жылдан кийин баш­ка аталыштагы 8‚6 ж-а 4‚3 гдык 10 ж-а 5 рубл­дик тыйындар жапырт чыгарыла баштаган.