ГРЕЧИХА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕЧИ́ХА (Fagopyrum), к а р а к ү р ү ч – гречиха тукумуна кирүүчү бир ж-а көп жылдык өсүмдүк. Анын дүйнөдө 4–5, КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү: эгилме же азык Г., татар Г-сы ж-а көп жылдык жарым бадал Г. белгилүү. Г-дан ун ж-а акшак тартылат. Данында 10–16 % белок, 60–80 % крахмал, 0,3–0,5 % кант, 2,5–3 % май, 12 – 16 % клечатка, адамга пайдалуу минералдуу туздар (темир, кальций, фосфор, жез, цинк) ж. б. болот. Г. топурак жетишерлик жылыганда эгилет. Ал нымдуу, кумдак топуракта жакшы өсөт. Агротехника туура колдонулуп, маалында сугарылса, Г. гектарынан 20 цге чейин түшүм берет.