ИНГУШТАР
ИНГУШТАР (өздөрүн галгай деп аташат) – Россия Федерациясынын курамындагы Ингушстандын калкы.
Чеченстан, Түндүк Осетия, Казакстан, Орто Азия жана Жакынкы Чыгышта да жашашат. Жалпы саны 472,5 миң киши (2003). Ингуш тилинде, ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Ингуштар жөнүндө алгачкы эскерүүлөр VII кылымга

таандык. Тили жана маданияты боюнча чечендерге жакын. Байыркы убакта ингуштар уруу жамааттарына (Галгай, Цорин, Жей рах, Мецхаль) бөлүнүп, тоолуу аймактарда жашап, XVI–XVII кылымдарда өрөөндөргө (Түндүк Осетия) отурукташышкан. XIX кылымда алгачкы Ангуш же Ингуш (азыркы Тар өрөөнүндөгү Тар кыштагы) кыштагында пайда болуп, эл кыштактын атынан аталган. XIX кылымдын башталышында Россиянын, XX кылымда РСФСРдин курамына кирип, Ингуш автономиялык облусу, 1934-жылы Чечен автономиялык облусу менен биригип, Чечен-Ингуш автономиялык облусу, 1936-жылы Чечен-Ингуш Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы түзүлгөн. 1944-жылы ингуштар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-жылы Чечен-Ингуш Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы калыбына келтирилип, ингуштар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Ингуштар мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишип, хата-мазанкада (дубалы топурактан согулган же жыгачтан жасалып, сырты ылай менен шыбалган үй) жашашкан. Салттуу кийимдери жалпы кавказ тибинде. Эркектер көйнөк, бешмант, черкеска, башына папах кийип, белине кур байланып, канжар тагынышат. Аялдар узун көйнөк, кенен ыштан кийип, оромол жамынышат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиштер.
Ад.: Ингушетия и ингуши. Назрань; М., 1999.