ЖАР-КЫШТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАР-КЫШТАК – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ырыс айыл округунун бор­бору. Деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 5 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Кал­кы 4203 (2007); негизинен пахтачылыкта, та­мекичиликте эмгектенет. Кесиптик лицей, мек­теп-гимназия, клуб, китепкана, амбулатория, оорукана, мончо ж. б. бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, соода борборлору иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары А.Абдукаримов, С.Алимов туулган.