ЖЕНТЕК
ЖЕНТЕК – бала төрөлгөндө өткөрүлчү той. Жентек той башка тойлордой белгилүү бир күнгө чакырылган эмес. Балалуу болгон кишинин жакындарына бала төрөлгөнүн кабарлап жаштар, көбүнчө балдар сүйүнчүлөшүп, белек (сүйүнчү) алышкан. Сүйүнчү айтылган жана жентек жегени келген киши алгач көрүндүк берип, баланы көргөн. Келген адамдарга, кошуна-колоңдорго жентек үчүн күн мурунтан камдалган сары май (карын май) бузулуп, мал союлуп, тамак-аш тартылып, жентек берилген. Жентек той аяктарда (2–3 аптадан соң) жентектөө башталган. Балалуу болгон ата-эне менен куда-сөөк, туугандар, көңүлү жакын жакшы санаалаш адамдар наристеге кийим, буюм, мал энчилөө менен жентектеп, баланын ата-энесине белек-бечкек беришип, алардын кубанычын тең бөлүшкөн.
А. Көчкүнов.