«ГРИНПИС»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:25, 14 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ГРИ́НПИС» (англисче Greenpeace – «Жашыл дүйнө») – көз каранды эмес эл аралык экологиялык уюм. Айлана-чөйрөнү бузулуудан сактоо максатында 1971-жылы Канада менен Америка Кошмо Штаттарынын активисттери тарабынан уюшулган. Анын бөлүмдөрү 25 өлкөдө иштейт (а. и. Москвада, Киевде). Негизги каржы булагы – ыктыярдуу кайрымдуулук. «Гринпис» уюмунун мүчөлөрү тынчтык жолу менен митинг өткөрүү акциялары аркылуу чөйрөнүн бузулушуна каршы пикирлерин билдирип, мамлекеттерге жана өнөр жай компанияларына экологиялык проблемаларды чечүү боюнча конкреттүү чечим чыгартууга жетишет. «Гринпис» ядролук куралды сыноого, радиациялык коркунучка, чөйрөнү өнөр жай таштандылары менен булгоого каршы күрөшөт; сейрек кездешүүчү деӊиз жаныбарларын (түлөн, кит, деӊиз ташбакасы жана башкаларды) коргоого алып, аларды сактоо боюнча экспедицияларды уюштурат. Т. Ниязов.