ГРИН ФУНКЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИН ФУНКЦИЯСЫ дифференциал теӊдемелердеги чектик маселелердин чыгарылышын интегралдык формада берүүчү функция. Г. ф-нын жардамы м-н дифференциал теӊдеме ж-а ага бир тектүү чектик шарттарга тийиштүү интегралдык оператор түзүлөт. Интегралдык оператордун ядросу – Г. ф. Аны табуу үчүн берилген дифференциал теӊдеменин бир тектүү чектик шартын канааттандырган фундаменталдык чыгарылышы алынат. Г. ф. бир тектүү чекит шарттарды канааттандырган бир тектүү эмес теӊдемелердин чыгарылышын табууга мүмкүндүк берет. Көп учурда Г. ф-н күч, заряд ж. б. булактардын чекитине (борборуна) таасир эткен талаа иретинде түшүндүрүүгө болот. Мис., Г. ф-нын электр статикалык түшүндүрмөсү чекиттик заряддын (жерге көмүлгөн өткөргүчтүн ичиндеги) талаа потенциалы болуп эсептелет. Г. ф. теор. физикада, өзгөчө квант талаасы теориясында ж-а статикалык физикада мааниге ээ. Г. ф. англ. математик ж-а физик Ж. Гриндин ысмынан аталган.