ЖОМОК
ЖОМОК , ж ө ө ж о м о к – элдик оозеки чыгармачылыктын эң байыркы жанрларынын бири, кара сөз түрүндөгү аңгемелер. Жомоктун айрым элементтери алгачкы коомдук түзүлүштүн учурунда эле пайда болуп, мезгилдин өтүшү, доордун алмашылышы менен өркүндөп отурган. Ал муундан-муунга оозеки таралып келген. жомокто элдин ар кайсы доордогу тиричилиги, айлана-чөйрөгө мамилеси, келечек жөнүндөгү ой-тилеги баяндалат. Бирок булардын көпчүлүгү демейдеги адам турмушуна туура келе бербеген же такыр эле окшобогон, ойдон чыгарылган апыртма окуялар аркылуу берилет. Жомоктордун жана жөө жомоктордун кириш бөлүгү жомок башы аталат. Мисалы «Манаста»: «...Көбү жалган, көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүн...» деген саптар менен айтылса, жөө жомоктордо «Илгери-илгери өткөн заманда...», «Бар экен, жок экен...» дегендей салттуу сүйлөмдөр менен башталат. Ал эми салттуу бүтүшү «Манас» эпосунда башкы каармандардын кайып болушу менен аяктаса, жөө жомок соңу аталат. Мисалы жомоктордо «...Ушинтип жыргап-куунап жашап калышыптыр...» дегендей бүтүм чыгарылат. Жомокко каарман болуп адам эле эмес,өңчөй айбанаттар да, ал тургай жансыз нерселер деле кире берет. Алардын баары адамча сүйлөп, адамча ойлонот; адамга каалаган учурда жардамга келчү кыйбас дос же касташкан душман болот. Жомокко мүнөздүү дагы бир касиет – ар кайсы элдин жомокторунда окшош идеянын, теманын, сюжеттин, образдын жолугушу. Бул экономикалык, тарыхый шарттын окшоштугу м-н түшүндүрүлөт. Жомоктогу окшоштуктар ар бир элдин өзүнө гана таандык улуттук мүнөзгө ээ (мисалы, кыргыз жомокторуна көчмөн турмушту, жоокерчилик заманды сүрөттөө, ошого жараша башкы каармандын «алты ай минсе арыбас» аргымак атчан жүрүшү ж. б. өзгөчөлүктөр мүнөздүү). Кыргыз жомоктору төмөнкүдөй бөлүнөт: 1) айбанаттар жөнүндөгү жомоктор; 2) кереметтүү жомоктор; 3) турмуштук Жомоктор. Булардын байыркысы – а й б а н а т т а р жөнүндөгү ж-а к е р е м е т т ү ү жомоктор. Таптык коомго чейин эле жаралгандыктан, алардын көбүндө магиялык, мифтик, тотемдик түшүнүктөр чагылдырылган (буга «Кожожаштын» айрым эпизоддору мисал). Бара-бара ал түшүнүктөрдөн анча-мынча гана элемент калып, жомоктордун айбандар жөнүндөгүсү тамсил катары, кереметтүү деп аталганы элдин кыялын, келечекке ой-тилегин туюндуруу максатын көздөгөн. Т у р м у ш т у к жомоктор негизинен феодализм мезгилинде өнүгүп калыптанган. Булар композициялык жагынан анекдотко жакын келет. Кыргыз элинин бул топко кирчү жомоктору Орто Азиядагы башка элдердегидей эле, Алдар Көсөө, Толубай сынчы, Асан Кайгынын ысымдары м-н байланышта айтылып, элдин турмушу, үрп-адаты даана сүрөттөлөт; сараң бай, алдамчы соодагер, зулумдук кылгандар ашкереленет. Кыргыз жомокторун өз өзүнчө бөлүүдө фольклорист-окумуштуулар К. Мифтаков, М. Богданова, К. Рахматуллин, З. Бектенов, Т. Байжиев, С. Мусаев, Ж. Таштемировдун эмгеги чоң. Бул жанрдын кара сөз түрүндөгү майда аңгемелери ж ө ө ж о м о к делет. Кыргыз эл жомоктору оозеки чыгармачылыктын башка түрүндөй эле 1920-жылдардан тартып жыйнала баштаган (К. Мифтаков, Ы. Абдрахманов, Ж. Жамгырчиев ж. б.). 1930– 40-жылдарда гезит-журналдарга жарыяланып турган, өзүнчө жыйнак болуп биринчи жолу 1957-жылы жарык көргөн. Кыргыз эл жомокторунун көбү бир нече тилдерге которулган.