ЖАНЫБАРЛАР
ЖАНЫБАРЛАР , а й б а н а т т а р (Animalia) – тирүү организмдер дүйнөсүнүн (царствосунун) эң чоң бөлүмү; органиткалык дүйнөдөгү негизги эки топтун бири (экинчиси – өсүмдүктөр). Кургакта жашаган жаныбарлардын теги – деңизде ж-а тузсуз сууда жашаган жаныбарлар, кээ бири кайра сууда жашоого өткөн. Бардык жаныбарлар козу карындар сыяктуу – гетеротрофтуу организмдер, башкача айтканды даяр органикалык заттар м-н азыктанат. Ошондой эле жаныбарлардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – активдүү метаболизмдин болушу. Органикалык дүйнөнүн өнүгүүсү м-н жаныбарлардын түзүлүшү ж-а функциясы бара-бара татаалданып, кыймылдоо, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, жыныс, дем алуу, кан айлануу, сезүү органдары пайда болгон. Жаныбарлардын өзгөчө татаал жүрүм-турумдары да калыптанган, мисалы, курт-кумурскалар, куштар ж-а сүт эмүүчүлөрдүн жупташуу алдындагы сайроо, бийлөө ж. б. оюндары. Жаныбарлар түзүлүшү боюнча негизи 2 топко бөлүнөт: жөнөкөйлөр же бир клеткалуулар ж-а көп клеткалуулар. Жангыбарлардын азыр жашаган 16 тиби, 1,5 млнго жакын түрү белгилүү. Алардын көпчүлүгү деңизде жашайт. Кыргызстанда омурткалуу жаныбарлардын эле 500дөн ашык түрү, курт-кумурска м-н кенелердин 3171, балыктардын 49, амфибиялардын 3, сойлоочулдардын 25, куштардын 335, сүт эмүүчүлөрдүн 83кө жакын түрү кезигет. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда булчуң ж-а бириктиргич ткандар жакшы өөрчүгөн. Алар алгачкы ооздуулар (муунак курттар, моллюскалар, муунак буттуулар) ж-а экинчи ооздуулар (ийне терилүүлөр, хордалуулар), ошондой эле омурткалуулар ж-а омурткасыздар болуп бөлүнөт. Көпчүлүк жаныбарлар өтө чоң чарбалык мааниге ээ. Алардын ичинде айыл чарбалык, промыселдик, лабораториялык максат үчүн өстүрүлгөндөрү бар; көбү – тамак-аш, өнөр жай сырьёлорунун булагы. Жаныбарлардын систематикалык ири тобу мителик м-н тиричилик өткөрөт. Айрым жаныбарлар адамдын, жаныбарлардын ж-а өсүмдүктөрдүн транмиссиялык ооруларынын козгогучтарын жугузат; көпчүлүк курт-кумурскалар, кенелер токойлорго, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Адамдын жаратылышка (айрыкча жаныбарларга) тийгизген таасиринин тынымсыз өсүшү бир түрдүн азайышына, экинчи түрдүн таптакыр жок болушуна алып келүүдө. Ошого байланыштуу сейрек ж-а жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрлөрү ТКЭСтин, ошодой эле Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине киргизилип, коргоого алынган. Жаныбарлар жөнүндөгү илим – зоология.
Ад.: Жизнь животных. В 6 т. М., 1983–1989.