ЖАПАЙЫ ТООК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 1 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАЙЫ ТООК , б а н к и в т о о г у (Gallus gallus) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу; жа­пайы тооктордун 4 түрүнүн бири. Дене узундугу эрке­гиники 75 смге, салмагы 1,5 кгга жетет; ургаа­чысы кичирээк. Корозунун канаты, башы, көкүрөгү ж-а төшү жалтырак саргыч, куйругу кочкул жашыл түстө. Башында калың терилүү кызыл таажысы ж-а «сөйкөсү», бутунда текөөрү болот. Ургаачысынын жүнү жөнөкөй боз-күрөң түстө. Түштүк-Чыгыш Азияда ж-а Индияда, Кы­тайдын түштүгүндө, Суматра, Ява, Бали аралдарында кеңири таралган. Бир нече түрү бар. Токойдо, калың бадал арасында, түздүктө же тоо кап­талында, кээде 2000 м бийиктикке чейинки тоо­до жолугат. Жакшы чуркайт, түз багытка уча алат; жапыз бакка конуп түнөйт. Түрдүү урук, мөмө, өсүмдүк бүчүрү, курт-кумурскалар м-н азыктанат. Бир корозу бир нече мекиян м-н топтошуп жашайт. Уясын жерге чөп-чар төшөп салып, 5–6 жумуртка тууп, 18–20 күн ургаачы­сы басып чыгарат. Корозу жөжөлөрүнө кам кө­рөт. Жапайы тоок Индияда бакмалаштырылып, Евро­пага алып келинип, тооктордун көп парода­лары алынган.