ИСАКОВ 3
ИСАКОВ Исмаил (10. 6. 1950-ж. т., Ош обл., Алай р-ну, Сопу-Коргон айылы) – генерал-лейтенант (2005).

Ташкент Жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1973), Марксизм-ленинизм ун-т ин (Венгри я, 1978), М. В. Фрунзе атн. аскер академиясын (1984), «Выстрел» жогорку офицердик курсун (1989), РФ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын (1996), Гуманитардык укуктук эл аралык ин-тту (Италия, 1998) бүтүргөн. 1973–76-ж. мотоаткычтар взводунун командири, 1976–78-ж. аскерлердин түш. тобунда рота командири (Венгрия), 1978–81-ж. рота командири, штаб башчысы-мотоаткычтар батальонунун командиринин орун басары, батальон командири, 1984–92-ж. полк, база, дивизия штабдарынын ж-а полк командиринин башчысы, 1992–94-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын башчысы, 1994–99-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары, 2005– 08-ж. КРдин Коргоо министри, 2008-жылдын октябрь айына чейин КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2010-жылдын апрель айынан КРдин Коргоо министринин милдетин аткаруучу, КРдин Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–05; 2010- жылдан). Аскерлерди даярдоо б-ча бир нече окуу куралдарынын ж-а методикалык сунуштардын автору.