ИСКАКТЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКАКТЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ(1873–75) – 1873– 76-жылдардагы Кокон көтөрүлүштөрүнүн бир бөлүгү. 1870-жылдардын башында Кудаяр хан­дын адилетсиз саясаты элдин нааразылыгын туу­дуруп, кыргыз бийлери аны башка хан м-н ал­маштырууга аракеттенишкен. Салтка ылайык хан мураскору хан тукумунан гана болушу за­рыл эле. Ошондуктан, 1872-ж. аксылык кут­лук-сейит уруусунун бийи Шер датка башта­ган кыргыз төбөлдөрү кеңешип, мураскорлукка Самарканд, Хорезмде жашаган хан тукумдары­на барышат. Бирок, алар макул болушкан эмес. Хорезмден кайтып келе жатып, Шер датка, кыр­гыз-кыпчак Мусулманкул бий ж-а найман Му­сабек бийлер бир кездеги Алымкул аталыктын үзөңгүлөшү, Ташкентте жашап жаткан курама­лык Абдымомундун (к. Момун Шамурзак уулу) үйүнө конушат. Коноктор ал жерден 1800– 09-ж. Кокон хандыгын бийлеген Алим хандын уулу, самарканддык Болот (Полот) бекке куюп койгондой окшош Искакка өтө көңүл буруп ка­лышат. Охналык ичкиликтердин бостон уруу­сунан чыккан Искак Асан уулу Абдымомундун кызматчысы болуп жүргөн. Кыргыз бийлери аны Полот хандын ордуна мураскор болууга үндөш­көндө, Искак өмүрүн тобокелге салып, макул болот. 1873-ж. жазында Шер датка, Мусулман­кул, Мусабек, Сулайман удайчы ж-а Абдымо­мун баштаган 200дөй кыргыз жигиттеринин коштоосунда Исхак Аксыга келген. Чаткал, Ала-Бука, Ак-Там, Нанай, Көк-Жар, Мамай, Кербен, Пачата, Сафед-Булан ж. б. айыл-кыш­тактардын билермандары Полот хандын туу­су астында Кудаярга каршы күрөшкө чыгышат. 1873-ж. жайында 29 жаштагы Искак «Полот хан» деген ат м-н Сафед-Буланда (1842-ж. Ше­ралы хан көтөрүлгөн жерде), миңдеген саруу, багыш, кутлук-сейит, найман кытай уруулары­нын өкүлдөрүнүн катышуусунда ак кийизге са­лынып, хан көтөрүлгөн. Искактын колу тез эле көбөйө баштап, көтөрүлүшчүлөр Чартактын беги Кедейбай датка м-н Жаңы-Коргондун беги Алим­дин жазалоочу кошуунун Сафед-Булан м-н Ала- Буканын ортосунда талкалап, Көкүмбай, Того­лок-Шайык, Ак-Там, Найман, Көк-Жар кыш-н ээлешкен. Бирок, Абдрахман аптабачы жетек­теген Кокон аскерлери аларды чегиндирип, Чат­калга сүрүп жиберген. Шер датка башында тур­ган 40 бийдин Кокондо өлтүрүлгөндүгүн уккан көтөрүлүшчүлөр Чаткалда кол топтоп, кайра­дан Ала-Букага басып киришкен. Наманган, Тө­рө-Коргон ж-а Жаңы-Коргондон алынып келин­ген сыпайлар, о. эле Молдо Жолдош паңсат­тын башчылыгындагы жазалоочу кошуундун күчүнөн 2-жолу чегинген. 1874-ж. июлда Чат­кал тоо этектеринде көтөрүлүш кайрадан баш­талган. 10 миңден ашуун көтөрүлүшчүлөр Чат­калдан чыгып, Ала-Бука өзөнү м-н төмөн ка­рай Касан ш-н көздөй жөнөгөн. Кутлук-сейит, багыш, саруу, кытай урууларынан жыйналган Искактын көтөрүлүшүнө өзбек, тажик тууган­дар кошулуп, 1874-жылдын 1-августуна чейин Сафед-Булан, Чартак, Жаңы-Коргон чептери алынган, Касан ш. согушсуз ээленген. Полот хандын кошууну Намангандан алыс эмес Төрө-


Коргон чебин талкалап, Наманганды камаган. Төрө-Коргондун беги Суранчы 500 сарбазы м-н көтөрүлүшкө кошулуп кеткен да, кийин анын активдүү жетекчисине айланган. Көтөрүлүштөн катуу чочулаган Кудаяр хан, аларга каршы Абдрахман аптабачы, Иса Олуя, Науман паң­сат баштаган жакшы куралданган 7000 сыпай ж-а 1000 сарбаз жиберген. Көтөрүлүшчүлөр бет­тешүүдө жеңилип, көп адам колго түшкөн. Көтөрүлүштүн бир жетекчиси Мусулманкул көз жумган. Абдымомун Чаткалга, Искак бир аз жигиттери м-н Ала-Буканын Чанач капчыга­йына чегинген. Аптабачынын жазалоочу аске­ри караламан элди, коргоосуз калган айылдар­ды катуу бүлүндүргөн. Айыл-кыштактар аёосуз өрттөлүп, Ала-Бука өрөөнүндө эле даргага асылгандардын саны 1000ден ашкан. Бул жа­залоолор элди ого бетер кыжырланткан. Искак 1874–75-ж. кыш мезгилинде Чаткал тоо этек­терин, Чанач, Ала-Бука, Пачата өрөөндөрүн кы­дырып, элди көтөрүлүшкө үндөгөн. Чаткалга качкан Абдымомун 1874-ж. 24-августта Идрис Пайгамбар деген жерде орус өкүлдөрү м-н жолу­гушууга келгенде кармалып, Олуя-Атада түр­мөгө отургузулган. Бирок, аз убакыттан кийин түрмөдөн качып кеткен. 1875-ж. июнда Ферга­на өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы калк көтө­рүлгөндө Искак жашыруун түрдө Өзгөн тарап­ка өтүп кеткен. Бул жерде аны бир нече миң кишиден турган кошуун күтүп турган. Чогул­гандардын арасында кадыр-барктуу бийлер да бар болгон. Июнь, июль айларында Искак Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак сыяктуу ири шаар-кыштактарды ээлеген. Кыймыл бүтүндөй Фергана өрөөнүнө жайылган, к. Кокон көтөрү­лүшү.


Ад.: Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977; Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы. Ош, 1997.

С. Наркеев.