ГУАМ
ГУА́М – АКШнын Тынч океандын батыш бөлгүндөгү ээлиги, арал. Мариана аралынын эӊ ириси. Аянты 541 км2. Калкы 193,0 миӊ (2020); анын 20 миӊдейи АКШнын аскер кызматкерлери ж-а алардын үй-бүлөлөрү, 1/2ин жергиликтүү калк түзөт. Ошондой эле индонезиялыктар ж-а филиппиндиктер да жашайт. Расмий тили – англис тили, жергиликтүү чаморро тили кеӊири тараган. Католик динин (85%ке жакын) тутат. Административдик борбору – Хагатна (калкы 2 миӊдей). Акча бирдиги – АКШ доллары. Гуамдын негизги мыйзамынын чегинде АКШ Конгресси

1950-жылы аралга өзүн-өзү башкаруу укугун берген. АКШнын өкүлдөр палатасында Гуамдын 2 жылга шайланган 1 делегаты бар (ал шайлоого укуксуз). Аткаруу бийлигин губернатор аткарат (4 жылга шайланат). Мыйзам чыгаруу органы – бир палаталуу чогулуш (15 мүчөсү бар; 2 жылда бир шайланат). Аралдын бийик түштүк бөлүгү (бийиктиги 405 мге чейин) жанар тоодон, ойдуӊдуу түндүк бөлүгү шуру (коралл) рифтеринен пайда болгон. Пати-Пойнт коругу уюшулган. 1521-жылы Ф. Магеллан ачкан. 1565-жылдан Испаниянын ээлиги. 1898-жылдагы испан-америка согушунда АКШга өткөн. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1941) Япония басып алып, 1944-жылдан кайра АКШ ээлиги. Гуам – АКШнын Тынч океандагы стратегиялык ири аскер базасы. Экономикасынын негизин туризм (жылына 1 млн турист, анын 90%тейи япондор) ж-а АКШнын аскер объектисинен түшкөн киреше түзөт. Айыл чарба продуктулары аралдын ички керектөөсүн канааттандырбайт. Жашылча-жемиш өстүрлөт. Мал чарбачылыгы өнүгүүдө. 2005-жылы 835 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Университет бар. Темир жолу жок, автомобиль жолунун узундугу 977 км. Сыртка кийим-кечек, суусундук, тамеки, машина куруу продукцияларын чыгарып, сырттан отун, азык-түлүк алат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Япония, Түштүк Корея, Сингапур.
Ад.: Гуам// Страны мира. Справочник. М., 2006.