ИСФАХАН
ИСФАХА́Н – Ирандын борб. бөлүгүндөгү шаар. Исфахан останынын (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Зайендеруд д-нын боюнда. Калкы 1,6 млн (2008). Жолдор тоому. Метрополитен курулууда. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөдөгү экинчи (Тегерандан кийинки) соода-ө. ж. борбору. И. 16-к-дын аягынан 8-к-га чейин Ирандын бор-

бору болгон. Антика мезгилинин географтары
«Аспадан» деген ат м-н эскерет. И. 10–13-к-да Ж. Чыгыштагы эң ири шаарлардын бири. Текстиль (көбүнчө жүн), тамак-аш, цемент, хим.
ө. ж. ишканалары, металлургия з-ду иштейт.
Ун-т бар. Шаардын эски бөлүгү көркөм кол өнөрчүлүктүн ж-а миниатюранын борбору. Чоң мечит (9–20-к.), минарет (11–12-к.), мавзолейлер (14–16-к.), Мейдане-Шах аянтындагы ансамбль мечити м-н (17-к., Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген), Али-Капу ак сарайы (15–17-к.), бак-дарактуу павильондор сакталган.