ГУАЯКИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУАЯКИ́ЛЬ – Эквадор мамлекетиндеги шаар. Гуаяс провинциясынын административдик борбору. Калкы 2,0 млн (2010). Гуаяс дарыясынын чатында жайгашкан порт. Жолдор тоому. Өлкөнүн экономикалык ж-а сырткы соода борбору. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш–татымал, тактай тилүү, булгаары-бут кийим, текстиль, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер (муниципалдык ж-а антропология) бар. 1531-жылы негизделген. Санто-Доминго чиркөөсү (1540) сакталган.