ГУБЕРНАТОР
ГУБЕРНА́ТОР (лат. gubernator – башчы) – кээ бир өлкөлөрдөгү аймактык бирдиктерди башкарган жооптуу кызмат адамы. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында Губернаторду штаттын аткаруу бийлигинин башчысы катары жергиликтүү эл шайласа, Россияда облустардын жетекчиси катары президент тарабынан сунушталып, жергиликтүү кеӊештин макулдугу керек. Кыргызстаннда Губернатор облустун жетекчиси катары президенттин буйругу менен бекитилет.