ГУДЗОН БУЛУӉУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУДЗО́Н БУЛУӉУ Түн. Муз океанда, Канаданын жээгинде. Чыгышында Гудзон кысыгы аркылуу Атлантика океаны м-н туташат. Аянты 848 миӊ км2. Тереӊдиги 258 мге чейин. Түндүгүндө Жеймс булуӊун пайда кылат. Октябрдан июлдун аягына чейин муз тоӊот. Суткасына эки жолу ташкындайт (7,9 мге чейин). Треска, сельдь, камбала кармалат. Түлөн промысели бар. Башкы порттору: Черчилл, Порт Нельсон. Булуң англ. деӊиз саякатчысы Г. Гудзондун урматына аталган.