ГУЛАГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУЛА́Г (Главное управление исправительно-трудовых лагерей, трудовых поселений и мест заключений), Э м г е к-т ү з ө т ү ү л а г е р л е р и н и н, э м г е к п о с е л е н и е л е р и н и н ж а н а к а м о о о р у н д а р ы н ы н б а ш к ы б а ш к а р м а л ы г ы – СССР Ички иштер эл комиссариатынын (ИИЭК, НКВД) эмгек түзөтүү лагерлерин (ЭТЛ) тескеп келген бөлүмү (1934–1956). ГУЛАГдын Атайын башкармалыктарына өлкөнүн Караганды, Соловецк, Беломор-Балтика, Воркута, Норильск жана башка көптөгөн аймактарында жайгашкан ЭТЛдер (56дан ашык) караган. Лагерлерде кылмышкерлер эле эмес, саясий репрессиялардын курмандыктары – «эл душмандары» да мөөнөтүн өтөшкөн. 1956-жылга чейин ГУЛАГдын лагерлеринде 22 миллионго жакын адам жаза мөөнөтүн өтөгөн. Лагерлердин тургундары адам чыдагыс оор шарттарда кармалып, режимди бузгандар катуу жазаланып турган. Камалгандар Ыраакы Чыгышта жана башка аймактарда жолдорду, каналдарды, көпүрөлөрдү, өнөр жай объектилерин курууда бекер иштеген. Ачарчылыктан, шарттын оордугунан жана оорулардан миӊдеген адамдар курман болгон. А. И. Солженицындын Совет мамлекетиндеги массалык репрессияларды, лагерлердеги абалды чагылдырган «ГУЛАГ архипелагы» (1973) романы чыккандан кийин «ГУЛАГ» термини тоталитардык режимдин символуна айланган.

Архипелаг ГУЛАГ
ГУЛАГ - Мемориалдык музей.
Петропавловск