ГУЛЯМДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУЛЯМДАР (ар. гулям – улан, жаш жигит, кул) – 1) орто кылымдардагы мусулман өлкөлөрүндөгү кулдардын аталышы. 2) Аббасиддер халифатында халиф Момундун тушунда (813–833-жылдары башкарган) негизинен туткундалып, сатылып келинген түрк элдеринин өкүлдөрүнөн түзүлгөн туруктуу атчан аскерлер (гвардия). Гулямдар деп (синоними – мамлюктар) орто кылымдарда башка мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлардын сарайдагы жеке гвардиясы да аталган. 3) Осмон империясындагы катардагы элдик кошуундун жоокерлери. 4) Дели султандыгындагы түрк тектүү жоокер-кулдар ж-а алардан чыккан 1206–90-жылдары султандыкты башкарган султандар.