ГУМАНДУУ ПЕДАГОГИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУМАНДУУ ПЕДАГО́ГИКА – 20-кылымдын 60-жылдарында гуманисттик психологиянын идеяларын иш жүзүнө ашыруу багытында АКШда пайда болгон окутуу-тарбиялоо системасынын бир тармагы. Гумандуу педагогика педоцентризми прогрессивизмдин педагогикалык асыл нарктары м-н шайкеш. Ал жаш муундарга билим ж-а коомдук нормаларды таӊуулаган салттуу педагогикадан кескин айырмаланып, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук ачууну, жөндөм-шыгын тынымсыз өркүндөтүүнү, түрдүү турмуштук кырдаалдарда туура ж-а чечкиндүү аракет жасоого жөндөмдүү инсандарды тарбиялоону көздөйт. Учурда Гумандуу педагогика идеялары көпчүлүк мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга да кеңири тараган.