ЙЕЛЛОУСТОН УЛУТТУК ПАРКЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙЕ́ЛЛОУСТОН УЛУТТУК ПАРКЫ – АКШнын түн.-батышында (Вайоминг, Монтана ж-а Ай­дахо штаттарында) 1872-ж. дүйнөдө биринчи уюшулган корук. Аскалуу тоолордогу жанар­тоо платолорунда жайгашкан. 2200–2500 м би­йикте. Аянты 9 миң км2. Баткактуу жанартоо­лор, гейзерлер (3000 миңден ашык) көп. Гейзер­лердин бийикт. 90 мге (Экселиор) жетет. Йел­лоустон д-нда тереңдиги 360 м, уз. 20 кмге жет­кен чоң капчыгай (каньон), бийикт. 34 ж-а 94 м болгон шаркыратма бар. Ийне жалбырак­туу токой (мырза карагай, көк карагай, кара­гай ж. б.) каптап жатат. Айбанаттары: бизон, кара аюу (барибал), бугу, күрөң аюу (гризли), багыш, ача мүйүз, аркар, койот ж. б., куштар­дан – ак баш, суу бүркүт, ак бир казан ж. б. (200 түр) бар. Туризмдин борбору. Туристтер июнь–август айларында көп келет.