ЙОСЕМИТИ УЛУТТУК ПАРКЫ
ЙОСЕ́МИТИ УЛУТТУК ПАРКЫ Сьерра-Невада тоолорунда (Калифорния штаты). АКШдагы алгачкы коргоого алынган ландшафт (1864), 1890-жылдан улуттук парк. Аянты 304 миң га (1970). Табияты өзгөчө кооз, шаркыратма каскаддары бар (жалпы бийикт. 739 м, эң бийиги Жогорку Йосемити шаркыратмасы – 436 м) Йосемити Крик д-нын ө рө ө нүн камтыйт. Анда ийне жалбырактуу, алп секвойялуу (жашы миң жылдан ашкан) токойлор өсөт. Сүт эмүүчүлөргө (78 түр;

кара аюу, барибал, кара куйрук бугу ж. б.) ж-а куштарга (200 түр) бай. Туризм чордону. Жылына 1,7 млндон көп турист келет.