КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ – элдик салттарга бай­ланыштуу чыгарылган ырлар. К.-с. ы. оозеки поэзияда, дастандардын, эпостордун көркөм структурасында кеңири учурайт. Жалпысынан мындай чыгармаларда элдин каада-салты, ти­лек-ниети чагылдырылат. Мис., кургакчылык­та мындай айтым м-н жамгыр тилешкен: Күн жаа, күн жаа, Күндөн күнгө көп жаа, Карагай башын кайра жаа, Арча шагын айра жаа, Че­кенде башын черте жаа, Чийдин башын ийип жаа, Төө куйрукка уюп жаа, Төгүп-төгүп куюп жаа, Ашкана толгон ак болсун, Малга жыргал бак болсун! Береке нур чачылсын, Бейли элдин ачылсын! Малдын, жандын ырысы, Жаан жаап турушу. Көксөп жүргөн элдердин Жамгыр бо­лот ырысы! К.-с. ы. той ырлары, бешик ырла­ры, керээз ырлары, жарамазан, кошок ж. б. жанрларга бөлүнөт.