ГУНО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУНО́ (Gounoda) Шарль Франсуа (17. 6. 1818, Париж – 18. 10. 1893, Парижге жакын, Сен-Клу) – француз композитору, сынчы, жазуучу-мемуарист. Франция институтунун мүчөсү (1866). Атасы сүрөтчү, энеси музыка мугалими болгон. 1829–1835-жылдары Сен-Луи лицейинде окуп, чиркөө хорунда ырдаган, музыкалык пьесаларды жазган. Париж консерваториясында окуган (1836–1839). И. С. Бахтын, Ф. Мендельсондун, Р. Шумандын, Ф. Шуберттин, В. А. Моцарттын чыгармаларын жандили менен сүйгөн. «Фернан» кантатасы үчүн Рим сыйл. алган (1839).

3 жыл Италияда, кийин Венада жана Германияда жашаган. Парижге келери менен (1843–1848) чиркөөдө органист болуп иштеп, үйлөмө жана башка аспаптар үчүн ар кандай чыгармаларды жазган. 1840–1850-жылдары опера жанрына кайрылган. 1852–1860-жылдары Париждеги «Орфеон» хор бирикмесинин директору болуп иштеген. 1870-жылы Лондондо «Гуно хор» коомун негиздеген. Ш. Ф. Гуно XIX кылымда Франциядагы опера жанрынын бирден-бир таланттуу өкүлү жана лирикалык опера жанрынын негиз салуучуларынан болгон. Өзгөчө Парижде коюлган «Фауст», «Лириктер театры» опералары Францияда классикалык лирикалык операнын чыныгы үлгүсүнө айланган. Ш. Гунонун «Мирейль» (1863), «Ромео менен Жульетта» (1865) жана башка операларындагы ариялар, ариозолор обондуулугу менен айырмаланат. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Ш. Гунонун «Фауст» операсы коюлуп, башкы каарман Мефистофелдин ролунда СССР эл артисти Б. Миӊжылкыев көрүүчүлөрдүн көӊүлүнөн өчпөй турган образды жараткан.