КАБЫКТООЧУ СТАНОК
КАБЫКТООЧУ СТАНО́К – жыгачтан жука майда атайын кесиндилерди алууга арналган жабдуу. Ал кесиндилер кабыкталган шпон деп аталып, кертилген жыгачтан алынат. Кабыктоо учурунда суппортко бекиген бычак, узунунан айланып жаткан жыгачты кесе баштайт. Катмар-катмары б-ча кесилген жыгач үзгүлтүксүз тасма түрүндө болот. Шпондун туруктуулугун ж-а сапатын жогорулатуу үчүн кабыктоо учурунда жыгачты кыскыч сызгыч м-н кысып ж-а гидротех. иштеп чыгу удан (мис., буул оо) өткөрөт. К. с-тон алынган тасманын калыңдыгы 0,1–10 ммди, кесүү ылдамдыгы 1ден 6 м/сек, кесүү бурчу 27°тан ашпайт. Эмерек жасоодо, о. эле фанера ж-а ширеңке өндүрүшүндө кеңири колдонулат.