КАБЫЛДОО-БЕРҮҮ РАДИОСТАНЦИЯСЫ
КАБЫЛДОО-БЕРҮҮ РАДИОСТАНЦИЯСЫ – бир канча радио борборлордо эки багыттуу радиобайланышты камсыз кылуучу аппаратуралар
м-н тех. курулуштардын комплекси. К.- б. р-нын негизги милдети – башка шаардан (же
өлкөдөн), радиостанциялардан берилүүчү радио,
телефон, радиотелеграф же радиофототелеграф сигналдарын үзгүлтүксүз ж-а сапаттуу кабылдап, кайра берип, радиобайланышты камсыз кылуу. Негизги элементтерине антенна, радиобергич ж-а радиокабылдооч, фидер, ток булагы кирет. К.-б. р. толкун диапазону – километрдик, гектометрдик ж. б.; байланыш каналдарынын саны – бир же эки ж-а көп каналдуу; жумуш теги – симплекстүү ж-а дуплекстүү; мобилдүүлүк деңгээлине жараша алып жүрүүгө мүмкүн болгон, жылып жүрүүчү объектилерге (машина, самолёт, танк ж. б.) орнотулган түрлөрү бар.