КАДРАЛИЕВ Жоомарт
КАДРАЛИЕВ Жоомарт (18. 7. 1946-ж. т.‚ азыркы Чүй обл.‚ Жайыл р-ну‚ Сары-Булак айылы) – монументалист, живописчи. КРдин эл сүрөтчүсү (1993), КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1998).

Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1966)‚ В. Cуриков атн. Москва көркөм сүрөт ин-тун (1974) бүткөн. 1974-жылдан Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу‚ 1977–80-ж. СССР көркөм сүрөт академиясынын Фрунзедеги бөлүмүнүн аспиранты. 1996-ж. Кырг-н сүрөтчүлөр союзунун төрагасы. 1968- жылдан респ. гезит-журналдарга жарыяланган макалаларды иллюстрациялап, жерг. ж-а бүткүл союздук‚ эл аралык көргөзмөлөргө катышкан. К. адегенде станоктук живописте‚ кийин графикада‚ 1990-жылдан тартып монументтик роспись жанрында эмгектенет. К-дин «Койчулардын аттары»‚ «Чабандын уулу», «Кабар»‚ «Тоолук кыз»‚ «Пахтачы кыз»‚ «Ата журтумда», «Таазим – Айтматовдун элеси», «Түбөлүктүү көз

ирмем», «Курбулар», «Эсимде» ж. б. чыгармалары белгилүү. Анын тарткан сүрөттөрү «Манас» энциклопедиясында пайдаланылган, К. Жусуповдун кара сөз м-н жазылган «Манас» аттуу китебин көркөмдөгөн‚ Таластагы Манас этнографиялык музейиндеги «Бабалар баяны», «Үч муун» аттуу экилтик чыгарманын, «Манаска» арналган графика серияларынын, Ош обл. филармониясындагы «Кылымдар таңы» ири монументтик росписинин (2000–01), Манастын Москва ш-ндагы эстелигинин (2009, Д. Жолчуев, Б. Сыдыков, Т. Медеров м-н бирге) автору. Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде жеке чыг-лык көргөзмөлөрү өткөн (1996, 1997, 1998), о. эле Ганновер ш-ндагы «ЭКСПО-2000» көргөзмөсүнө катышкан. Кырг-н композиторлор союзунун ардактуу мүчөсү. «Шумкар уя», «Шер баян» күүлөрүнүн автору. К. 3-даражадагы «Манас» ордени, «Манас 1000» юбилейлик медалы м-н сыйланган.