КАДРИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:45, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДРИ́ЛЬ (французча quadrille – төрт адамдан турган топ) – европа элдеринин бийи. Кадриль хороводдук бий кыймылдарынын элементтерине негизделген. Композициясы төрт чарчы болуп турган төрт жупка эсептелген. Бий кезмектешип, жуптары алмашылып бийленет. Акырында бардык бий­чилердин катышуусу менен аяктайт. Кадриль XVII–XIX кылымдарда ар кандай аталышта орус, украин, беларусь, латыш, эстон жана башка элдерге кеңири тараган.

«Жүрөгүмдөгү кадриль» аталыштагы бий.