КАЖЫ-САЙ КЕРБЕН САРАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЖЫСАЙ КЕРБЕН САРАЙЫ – 9–12-к-га таан­дык археол. эстелик. Ысык-Көлдүн түш. та­рабындагы Кажы-Сай суусунун оң жээгинде жайгашкан. Жалпы түзүлүшү чарчы, аянты 60Ч60 м. Сакталып калган дубалынын бийикт. 3 м, бурчтарында ж-а борборунда мунаралары болгон. К. к. с-нын чыгыш тарабынан 40–60 м өлчөмүндөгү тик бурчтуу курулуш улай салын­ган. Ал жапыз дубал м-н курчалып, мал камоо үчүн пайдаланылган. Дубалы чийки кыштан ку­рулган. Кербен сарайдын 100дөн ашуун бөлмөсү болуп, казуу убагында чопо идиштер, жаргыл­чактар, бүлөөлөр, тамак-аш калдыктары табыл­ган. Эстеликти 1977–79-ж. археолог Д. Ф. Вин­ник изилдеген.