КАЗАРМАН ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАРМАН ШААР КАЛДЫГЫ – 10–12-к-га таандык археол. эстелик. Нарын д-нын сол жээ­гиндеги Казарман кыш-нын тушунда жай­гашкан. Сакталып калган дубалынын бийикт. 3 м, бурчтарында ж-а борборунда жарым ай түспөлүндө мунаралары болгон. Түн., батыш ж-а чыгыш дубалдарынын уз. 100 мге чейин жеткен. 1949-ж. А. Н. Бернштам изилдеген. Убагында Тогуз-Торо өрөөнүн душмандан кор­гогон чеп болгон. Эстелик кароосуз калгандык­тан, анын билинер-билинбес гана пайдубалы калган.