КАЗЫНА
КАЗЫНА – 1) хан, падыша, эмир, бектердин акча жана башка кымбат баалуу буюмдары сакталуучу жай; 2) борборлошкон мамлекеттин финансылык байлыгынын жалпы өлчөмү; 3) археологияда көмүлгөн кенч же кандайдыр бир жашыруун жерге катылган алтын, акча жана башка кымбат баалуу буюмдар. Эң байыркы казыналарга соңку таш доору жана жез доорунан калган эмгек куралдары жана согуш курал-жарактары, коло доорундагы казынага согушка колдонгон жана башка салтанат, шаан-шөкөт үчүн жасалган кооз буюмдар, эмгек куралдары кирген.