КАЗЫНА
КАЗЫНА – 1) хан, падыша, эмир, бектердин акча ж. б. кымбат баалуу буюмдары сакталуучу жай; 2) борборлошкон мамлекеттин финансылык байлыгынын жалпы өлчөмү; 3) археологияда көмүлгөн кенч же кандайдыр бир жашыруун жерге катылган алтын, акча ж. б. кымбат баалуу буюмдар. Эң байыркы К-ларга соңку таш доору ж-а жез доорунан калган эмгек куралдары ж-а согуш курал-жарактары, коло доорундагы К-га согушка колдонгон ж. б. салтанат, шаан-шөкөт үчүн жасалган кооз буюмдар, эмгек куралдары кирген.