КАЙМАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙМАК – ынак сүттү сүт тартуучу машинада (сепаратордо) тартуу м-н алынуучу сүт азыгы; сүттөн даярдалган байыркы сүт азыгынын бири. Сүт тартуучу машина ойлоп чыгарылганга че­йин К. алуу үчүн уйдун, койдун ж-а эчкинин сүтү бышырылып же чийки 12–24 саат коюлуп, үстүңкү катмары калпып алынган. К. жасалы­шы ж-а даамына жараша айырмаланат. Чий­ки сүттүн К-ы камкаймак, бышырылган нак сүттүкү коймо К., чөбөгөсү бөлүнбөй, чала сыз­гырылып, ага ун чалынып, сүт, бал кошул­ганы бал К., жылуу сүттү машинада тартып алын­ганы тартылган К., тартылган К-ка айран кошуп, бир нече саат муздатылып, ө. ж-да чыга­рылганы ачытма К. (сметана) деп аталат. Азыр К-ты массалык чыгаруу атайын сүт з-ддо­рунда жүргүзүлөт. К. демейде 10, 20, 35%түү майлуулукта чыгарылат. К-тын курамында 10– 35% май, 3,4%тей белок, 4,2%ке жакын сүт кан­ты, минерал заттар 0,3–0,6% болот. Тамак-аш ө. ж-нда кургак К. да жасалат. К. май, ачытма К. бал муздак ж. б. азыктарды алууда пайдала­нылат.