КАЙНАГА
КАЙНАГА , к а й ы н а г а – жубайлардын уялаш, аталаш, энелеш агалары жана алардан улуу агайын-туугандары бириники бирине кайнага болот. Аял кайнага, кайнеже, алардын жубайларын атынан айтпай, тергейт, жүгүнөт. Айрым чоң кайнагаларынан бир, эки балалуу болгуча качат. Эркектер тергебей эле ага, эже, жезде дешет.