КАЙНЕЖЕ
КАЙНЕЖЕ , к а й ы н э ж е – жубайлардын бир тууган, аталаш, энелеш ж-а төрт-беш ата өткөн эжелери бириники бирине К. болот. Айтууга жеңилдетип, «кайын» деген сөзүн таштап эле «эже» деп атай беришет. Келин К-син ж-а анын күйөөсүн тергейт, аларга жүгүнөт. Жигит К-син эже, анын күйөөсүн жезде же бажа деп, каалаганындай атай берет.