КАЙРАГАЧ КӨРҮСТӨНҮ
КАЙРАГАЧ КӨРҮСТӨНҮ – I–V кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Лейлек аймагындагы Кожо-Бакырган-Сай өрөөнүнө жакын жерде жайгашып, 100дөй дөбө-мүрзөдөн турат. Көпчүлүгүнүн диаметри 5–12 м. бийиктиги 0,8–1,8 м. Маркумдардын сөөктөрү казанактуу жайларга (катакомбаларга) коюлган. Карапа идиштер, темир бычак, азем буюмдар табылган. 1958-жылы археолог Ю. А. Заднепровский 10 дөбө-мүрзөнү казып изилдеген.