КАЙРАГАЧ ТУРГУН ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАГАЧ ТУРГУН ЖАЙЫ – биздин замандын I–VI кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Лейлек аймагындагы Кайрагач кыштагына жакын Кожо-Бакырган-Сай суусунун сол өйүзүндөгү кууш тектирчеде жайгашкан.

А н т р о п ом о р ф т у у скульптура (идол). 5–6-к.

Ал төрт чарчы үлгүсүндө, 6 бөлмөдөн турган имарат. Ар кандай мезгилдерде курул­ган турак жайлар, чарбалык жана сыйынуучу жайлар бирдиктүү архитектуралык комплексти түзөт. Ар кандай көлөмдөгү бөлмөлөрдүн бардыгы ко­ридорго тегерете курулган. Бөлмөлөрдүн аянты 13–15 м2, айрымдары гана 25 м2. Имараттын астында түштүктөн түндүктү карай төмөндөп, сууга чыккан тепкичтүү өткөөлү, чыгыш бөлү­гүндө көлмөлөрү бар чоң короосу, борбордук бөлүгүндө 5 бөлмөдөн турган храм болгон, алардын үчөө биринен бирине өтүүчү эшик аркылуу байланыш­кан. Имарат суу менен жакшы камсыз кылынып турган. Адамдардын ар кандай бейнелери, бетине тамга басылган карапа идиштер жана терең кудук табылган. Эстеликти 1958-жылы археолог Ю. А. Заднепровский ачып, 1969-жылы Г. А. Бры­кина изилдеген.