КАЙРА ЖАРАЛУУ
КАЙРА ЖАРАЛУУ ‚ Р е н е с с а н с (фр. Renaissance) – Батыш ж-а Борб. Европадагы маданий-идеялык өнүгүү доору (Италияда 14– 16-к-да‚ континенттин башка өлкөлөрүндө 15– 16-к-да); о. кылым мад-тынан жаңы мезгилге өткөөл этап. Бул мезгил адатта антикалык илим м-н иск-вонун кайра жаратылышы‚ Байыркы Грекия мад-тынын тарыхый жаңы кырдаалга жараша белгилүү ченемде кайталанышы‚ жаңы сапатта өсүп-өнүгүшү катары кабылданат. Түпкүлүгүндө антифеодалдык мааниси бар Ренессанс руханий дүйнөсүнүн айырмалуу белгилерин гуманисттик көз караш‚ антиклерикалык мазмун‚ антикалык маданий мураска кайрылуу сыяктуу белгилер түзөт. К. ж. алгач Италияда пайда болгон. Ал жерде 12–14-к-да Ренессанс кабарчылары катары акын Данте‚ сүрөтчү Жотто ж. б. чыгышкан. К. ж. ишмерлеринин чыг-лыгы адам баласынын дүйнөнү таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүнө‚ анын акыл-эсинин чексиздигине ишенүү‚ католиктик схолостиканы ж-а аскетизмди тануу‚ четке кагуу сыяктуу сезимдер м-н каныктырылган. Чындыктын ж-а сулуулуктун гармониясын алып жүрүүчүсү‚ болмуштун эң жогорку башталмасы катары кайрылуу‚ ааламдын бүтүндүгүн ж-а мыйзам ченемдүүлүгүн туюу‚ баамдоо өңдүү сапаттар Ренессанс иск-восуна идеялык тереңдикти‚ каармандык масштабды ыйгарып турган. К. ж. мад-ты негизинен шаар мад-ты формасында жаралып‚ андагы өндүрүштүн өөрчүү шартында калыптанган. Ал мад-т Ренессанс заманынан мурда эле түптөлө баштаса да‚ кийинки тарыхый этаптарда гана кеңири ачылган айрым социалдык-экон.‚ коомдук-саясий‚ көркөм-филос. тенденцияларды‚ түшүнүктөрдү камтып турган. Бул мезгилде ад-т м-н иск-водо реализмдин алгачкы элементтери‚ белгилери көрүнө баштаган. Албетте‚ ал кезде реализм болмушту чагылтып берүүнүн түрдүү формалары м-н бирге жүргөн. Мис.‚ ад-тта Рабленин (1494–1553) «Гаргантюра жана Пантаг-
рюэль»‚ Cервантестин (1547–1616) «Дон Кихот» романдарында‚ Шекспирдин драмаларында антикалык заманга кызыгуу элдик мад-тка кайрылуу‚ анын айрым үлгүлөрүн пайдалануу м-н айкалыштырылган. Арх-ра ж-а сүрөт иск-восунда дүйнөлүк мад-тты байыта турган көркөм жаратмалар пайда болгон. Көркөм иск-во дүйнөсүнүн образдуу туундулары‚ чыгармалары жалпы адамзаттык цивилизациянын өр тартышына‚ алга адымдашына түрткү берген. Шаарларда коомдук‚ гражд. имараттар‚ салтанаттуу маданий сарайлар‚ музей жайлары салынган. Италияда арх. Брунеллески‚ Палладио‚ Альберти‚ Францияда Делорм‚ Лески өз курулуштарын шаңдуу‚ гармониялуу формалар‚ каражаттар м-н кооздошкон. Көркөм сүрөт өнөрүндө Леонардо да Винчи‚ Рафаэль‚ Микеланжело сыяктуу чеберлер чындыктын миң кырдуу касиеттерин толук кандуу чагылдыруу м-н мейкиндикти‚ мезгилди‚ көлөмдү‚ өң-түстү түшүрүүнүн ага дейре белгисиз сырларын боёктор ж-а пластикалык

Микеланжело. «Христосту кошуп ыйлоо» (мрамор). Касиеттү ү Пётр со бору. Рим, 1498–1501. каражаттар аркылуу беришкен. К. ж. доорунда мад-т м-н катар философия илими жаңы проблемаларды өздөштүрүүнүн үстүндө иштеди. Ренессанс мезгилинде мад-ттын ж-а илимдин кээ бир тармактары өз-өз алдынча эмес‚ биримдикте жашаган. Мис.‚ философиянын идеялары философтор эмес сүрөтчүлөр‚ акындар‚ окумуштуулар тарабынан өнүктүрүлгөн. Айрыкча грек философторунун эмгектери м-н таанышуу чечүүчү роль ойногон. Платон‚ Аристотелдин мурасы гуманисттик идеялардын бекемделишине чоң түрткү берген. К. ж. учуру натурфилософиянын (табият философиясы) пайда болушун‚ тамырлап өсүшүн шарттады. Натурфилософия диний көз караштардан алыс тургандыгы м-н айырмаланган. Мында адам өз тагдырын өзү чечкенге‚ өзүнүн биосоциалдык табиятын чексиз өнүктүрүүгө‚ тереңдетүүгө жөндөмдүү экендиги айрыкча айкындалат. Ал учурда адамдар китеп бастырууну‚ компасты‚ ок-дарыны ойлоп чыгарышкан‚ эксперименттик табият таануу

ишин‚ домна-металлургиялык процессти өздөштүрүүгө жетишкен. Бул өндүрүш м-н илимдин эриш-аркак өнүгүшүнө байланышкан. Ушулардын бардыгы адам аң-сезиминин чындыкты чагылтуучу ж-а жаратуучу кубатын арттырган. К. ж. доорунун көрүнүктүү философу‚ карамакаршылыктардын биримдиги ж-дөгү окуунун автору Николай Кузанскийдин (1401–64) ою б-ча болмуштагы бардык нерселер универсалдуу форма катары каралган дүйнөнүн жаны деген түшүнүккө баш ийип турат. Антикалык ж-а о. кылымдык космология дүйнөнүн борбору бар деген түшүнүктү изилдеген. Ал түшүнүк б-ча дүйнөнүн чеги бар. Николай Кузанскийдин көз карашында Космостун борбору – бул Кудай‚ андыктан дүйнөнү чексиз‚ баш-аягы жок деп эсептөөгө болбойт. Ошону м-н бирге эле болмушту чеги бар кубулуш катары да кароого болбойт. Бул идеялары м-н Кузанский астрономиядагы дүйнө түзүлүшүнүн геоборб. системасын төгүнгө чыгарган Коперниктин рев-ялык ачылышына жол салган. Жердин ж-а адамзаттын Ааламдагы өзгөчөлүү орду ж-дөгү түшүнүктөрдүн туура эмес экендиги Коперниктин окуусу м-н далилденген. Анткени Жерге ж-а Күнгө окшогон асман телолорунун саны эсеп жеткис экендиги ил. ырасталган. Адамдын ой-санаасынан‚ максаттарынан багыт алуу К. ж. дүйнө таанымынын айырмалуу белгилеринен болгон. Эгерде антика философиясынын борборунда табият – космос проблемасы турса‚ К. ж. заманында алдыңкы планга гражд. турмуш‚ адам баласынын ишмердиги‚ жарык дүйнөдө өмүр өтөөнүн бактысы‚ азап-тозогу сыяктуу маселелер чыккан. Бул мезгилдин филос. ой-жүгүртүүсү антропоцентризм багытына туура келген. Борб. фигура мында кудай эмес‚ адам деп таанылган: Кудай – бардык заттардын‚ кубулуштардын‚ асман-жердин‚ материалдык ж-а руханий дүйнөнүн жаратуучусу‚ ал эми Адам – дүйнөнүн борбору‚ өзөгү. Коом – кудай эркинин туундусу‚ жаратмасы эмес‚ адам ишмердигинин жемиши‚ натыйжасы. Адам өз иш-аракетинде эч нерсе м-н чектел-

беши керек. К. ж. доору адамдын өзүнөзү аңдап‚ баамдап билүү жөндөмүнүн жаңы деңгээлге көтөрүлүшү м-н мүнөздөлөт. Андыктан так ошол К. ж. заманы көп кырдуу белгиге‚ өнөргө‚ чыг-лык кубатка ээ болгон‚ зор максаттарды алдыга койгон ж-а аларды жүзөгө ашыра билген ойчулдарды‚ ишкерлерди‚ инсандарды тарыхый майданга алып чыккан. К. ж. доорунда ад-т‚ иск-во‚ арх-ра‚ философия м-н катар саясий ж-а социалдык ойлор‚ окуулар‚ тарбия‚ билим берүү‚ анатомия ж. б. сыяктуу илим-билимдин толуп жаткан тармактары пайда болгон ж-а өнүккөн. Айрыкча табият таануудагы жетишилген ийгиликтер геогр. улуу ачылыштардын натыйжалары катары жашоотурмушка кирген. Х. Колумб‚ Васка да Гама‚ П. Кабрал‚ А. Веспуччи‚ Ф. Магеллан сыяктуу саякатчылардын ачылыштары замандын талаптарынын негизинде жасалган. Натыйжада география‚ медицина‚ математика‚ ботаника‚ этнография‚ зоология‚ геология ж. б. илимдерде жаңы фактылардын‚ маалыматтардын топтолушуна ж-а өсүшүнө алып келген. К. ж. проблемасын‚ түшүнүгүн талдоого алганда көңүлдө кармай турган маанилүү бир нерсе бар. Айрым илимпоздор К. ж. түшүнүгүн кеңейтип кароону жактырышат ж-а аны Батыш Европа (Италия ж. б.) м-н чектөөгө каршы пикир айтышат. Мындай көз караштардын жөнү бар‚ анткени Чыгышты изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде айрым Азия өлкөлөрүнүн (мис.‚ 8–12-к-да Кытайда‚ 12–13-к-да Закавказьеде) мад-тында ренессанстык белгилердин бар экендиги ырасталат. Мындай фактылардан алганда К. ж. доору бүткүл дүйнөлүк тарыхый көрүнүш экендиги талашсыз. Ошентип‚ Европа өлкөлөрүндө (Италия ж. б.) адеп кадам шилтеген К. ж. заманы буржуазиянын өнүгө баштаган мезгилине туура келип‚ гуманизм‚ адам эркиндиги сыяктуу түшүнүктөрдү камтыды. Ренессанс кубулушу Байыркы Греция мад-тын жөн гана кайталабастан‚ анын өзгөчөлүктөрүн‚ элементтерин диалектикалык жаңы бийиктикте‚ жаңы масштабдарда‚ жаңы табылгалар м-н куралданган абалда өнүктүрдү.
Ад.: Евдокимова Ю. К., Симакова Н. А. Музыка эпохи Возрождения... М., 1982; Культура и общественная мысль. Античность, средние века, эпоха
Возрождения. М., 1988; Смирнова И. А. Монументальная живопись итальянского Возрождения. М., 1989; Пановский Э. Ренессанс и «ренессансы» в искусстве Запада. М., 1998.
Т. Аскаров.