КАЙЧЫ
КАЙЧЫ – бири-бирине кайчылашкан эки жаагы м-н бир нерсе кесүү, кыркуу үчүн колдонулуучу аспап. К-нын ички бети миздүү, сап жагында бармак м-н сөөмөй кирүүчү кармооч көзөнөгү бар. Жаактары бири-бирине бурама м-н кыймылдуу бекитилет. К. үй тиричилигинде ар кандай нерселерди кесүү, кыркуу ж. б. максатта керектелет. Малдын жүнүн кыркуучу кайчы жуушаң деп аталат.