ГҮЛЗАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:48, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛЗАР – гүлдүү, шиберлүү жер аянтчасы. Мында өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгү, кооздугу эске алынат. Шиберлүү Гүлзарга көбүнчө тулаӊ,

көдөө, тарак баш сыяктуу чөптөр эгилип, жайкалта кыркылып турулат. Гүлдүү Гүлзарда бир ж-а көп жылдык гүлдүү өсүмдүктөр (байчечекей, жоогазын, атыр гүл ж. б.) өстүрүлөт. Бак, парк, жол жээгин, имарат алдын көркөмдөөдө колдонулат.