ЖАСАЛМА КАН АЙЛАНДЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 7 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА КАН АЙЛАНДЫРУУ – оорулуу адамга же тажрыйба жасалуучу жаныбарга ап­параттын жардамы м-н кан агымын жүргүзүү. Жасалма кан айландырууну бүт денеге же айрым мүчөгө (мисалы, колго же бутка) жасаса болот. Жасалма кан айландыруу аппара­тын 1-жолу советтик илимпоз С. С. Брюхоненко 1925-жылы түзгөн. 50–60-жылдарда көкүрөк хирур­гиясынын жетишкендиги ж-а канды уютпоо­чу материалдын пайда болушу жасалма кан айландыруучу ап­паратты чыгарууга мүмкүнчүлүк берген. Жү­рөктү алмаштыруучу соргучу, өпкөнү алмаш­тыруучу оксигенатору бар азыркы аппаратты колдонуу м-н, жүрөктүн тубаса ж-а кийин пай­да болгон кемтигин дарылоо, ири кан тамыр­лар, жүрөк капкаларын алмаштыруу операция­ларын жасоого мүмкүнчүлүк болду. Бул опера­цияны жасоодо жүрөк убактылуу кан агымы­

луш керек. Косметикалык Ж. к. айыкпаган ар түрдүү оорудан кийин көздү алып салган учурда салынат. Дарылоо үчүн жасалган Ж. к. пласт­массадан, кээде дары кошулуп жасалат. Ал көздүн түрдүү катмарына жасалган пластика­лык операциядан кийин ж-а көздү дарылоо үчүн коюлат. Диагноздук Ж. к. көзгө түшкөн жат нерсенин рентген аркылуу көздүн кайсы жеринде турганын билүү үчүн да колдонулат. Ал эми көздү сактоочу Ж. к. коргошун кошулган ай­нектен жасалып, көздүн ткандарын түрдүү нур­лар м-н дарылоодо көздүн тканын сактайт. Аны түнкүсүн алып, бор к-тасынын эритмеси м-н чайкап, кургак кармоо зарыл.