ЖАСАЛМА КӨЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 7 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА КӨЗ – пластмасса же айнектен жасалган көз. Ал түрдүү себептерден көзү соолуп калган кишилердин көз чарасына косметика­лык, ошондой. эле дарылоо, оорунун диагнозун табуу ж-а көздү ар кандай зыяндуу нерселерден сак­тоо максатында салынат. Жасалма көз өзгөчө тунук, түстүү айнектен ж-а пластмассадан жасалып, формасы, өлчөмү соо көзгө туура келгидей болуш керек. Косметикалык жасалма көз айыкпаган ар түрдүү оорудан кийин көздү алып салган учурда салынат. Дарылоо үчүн жасалган жасалма көз пласт­массадан, кээде дары кошулуп жасалат. Ал көздүн түрдүү катмарына жасалган пластика­лык операциядан кийин ж-а көздү дарылоо үчүн коюлат. Диагноздук жасалма көз көзгө түшкөн жат нерсенин рентген аркылуу көздүн кайсы жеринде турганын билүү үчүн да колдонулат. Ал эми көздү сактоочу жасалма көз коргошун кошулган ай­нектен жасалып, көздүн ткандарын түрдүү нур­лар м-н дарылоодо көздүн тканын сактайт. Аны түнкүсүн алып, бор кислотасынын эритмеси м-н чайкап, кургак кармоо зарыл.