ГҮРСҮ

ГҮРСҮ, к ү р с ү – чокмордун бир түрү. Гүрсүнүн башы чоюн, темир, коло жана коргошундан куюлуп, сабы жыгачтан жасалат. Сырты темир менен капталып, чабыла турган бөркүнө тикен тиш металл чөгөрүлөт. Гүрсү согуш убагында (бетме-бет салгылашууда) найза сайышуудан кийин колдонулуп, анын соккусунан коргонуу үчүн калкан тосулган.
