ЖУРНАЛИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:01, 30 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУРНАЛИ́СТИКА (французча journal, немисче journa- listik) – маанилүү жаңылыктарды басма сөз, те­лерадио, маалымат агентчилиги, басма сөз бор­бору, кино, интернет жана башка массалык байланыш каражаттары аркылуу өз убагында элге жет­кирүүчү адабий-публицистикалык ишмердүүлүк; массалык пропаганда жана үгүт жүргүзүүнүн бир формасы. Журналистикада коомдун социалдык-саясий, экономикалык, маданий жактан өнүгүшү, андагы негиз­ги багыттар жана көрүнүштөр жөнүндө түшүнүк бе­рилет, элдин коомдук ой-пикирин, көз караш­тарын калыптандырууга көмөктөшөт, к. Кыр­гыз журналистикасы.