ЖАҢЫ-АРЫК (Араван районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАҢЫ-АРЫК 4 to ЖАҢЫ-АРЫК (Араван районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРЫК – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Маңгыт айыл округуна караштуу. Де­ңиз деңгээлинен 940 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 16 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1900-жылы не­гизделген. Калкы 2558 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, ФАП, тегирмен, мончо иштейт.