ЖЫЛМАЛООЧУ СТАНОК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛМАЛООЧУ СТАНО́К – металл, жыгач жана таш буюмдарын, тетиктерди абразивдүү ас­паптар менен жылмалагыч. Бул станокто жыл­малап иштетилгенде, тетик же буюм так өл­чөмүнө жана формасына келтирилет, үстүңкү бети тазартылып, сапаты жакшыртылат. Жыгач иштеткич жылмалоочу станокто жылмалоочу материал катары абразивдүү материалдар жабыштырылган тери пайдаланылып, ал иштетилүүчү тетиктин фор­масына жана станоктун конструкциясына жараша дисктүү, тасмалуу, шпинделдүү, цилиндрлүү жана щёткалуу болуп айырмаланат. Таш буюм­дарын жылмалоочу станокто жылмалоочу тегерек өгөө колдо­нулат. Машина жана прибор курууда жылмалоочу станок – сүрүүчү, суюктуктуу жана борбордон четтеме бо­луп бөлүнөт. Суюктуктуу жана борбордон четтеме станок негизинен татаал формадагы буюмдар­ды жылмалоого арналган. Сүрүүчү жылмалоочу станокто те­тик столго бекитилип, жылмалоо шпинделге бекитилген айлануучу сүргүч аркылуу ишке ашы­рылат. Сүргүчтөр жумшак металлдан (мисалы, жез), жыгачтан, кийизден, териден жасалат. Жыл­малоочу материалдар сүргүчкө жабыштырылат же иштетүү убагында берилип турат. Суюктук­туу жылмалоочу станокто буюм камерага жайгаштырылып, абразивдүү материал аралашкан суюктуктун агымы менен жылмаланат. Борбордон четтөөчү жылмалоочу станокто сыйымдуулук жайгаштырылып, ал аб­разивдүү күкүм же эритме менен толтурулат. Сы­йымдуулук айланган учурда абразивдүү аралаш­ма кыймылга келип, кыймылсыз турган тетик­ти жылмалайт. Эмерек жана жыгач өндүрүшүндө жылмалоочу станок лак-сыр капталган жана каптала элек жыгач буюмдарын жылмалоочу болуп бөлүнөт. Сырдалбаган жыгач буюмдарын жылмалоо – кол менен электр кыймылдаткычынын жардамы аркылуу, ал эми лак-сыр капталган жыгач ма­териалдар болсо материал дисктеринен чогул­тулган айлануучу жумшак текстиль барабаны менен ишке ашырылат.