ЖАҢЫ-КЫШТАК
ЖАҢЫ-КЫШТАК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 920 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 25 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 8 км. Калкы 13687 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП бар.