ЗЫКИНА Людмила Георгиевна

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ЗЫКИНА to ЗЫКИНА Людмила Георгиевна) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫ́КИНА Людмила Георгиевна (10. 6. 1926‚ Москва –1. 7. 2009, ошол эле жер) – орус ырчы­сы, СССР эл артисти (1973). М. Е. Пятницкий атындагы орус элдик хорунун‚ 1951-жылдан Бүткүл союз­дук радионун‚ 1960-жылдан Мос­концерттин солис­ти.

1977-жылы Гне­синдер атындагы музыкалык-­педагогикалык окуу жайын бүткөн. Зыкина – белги­лүү көп ырлардын (Долуханян, «Ря­зань мадоннала­ры»; Пономаренко, «Оренбург жоолу­гу »; Фрадкин, «Волга агат» жана башкалар) чебер аткаруучусу. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө‚ анын ичинен Кыргызстанда гастролдо бол­гон. Лениндик (1970), РСФСР мамлекеттик (1983) сыйлыгынын лауреаты. Эки Ленин, Ыйык Андрей Пер­возванный, «Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордендери менен сыйланган.